ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯЛОО

 

                                                                                                                                                                                             

 

БЕКИТИЛДИ

2021-жылдын  “___”_______

№___________буйругу менен

______ ______Иманалиева Л. М.

 

 

ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛОО БОЮНЧА ОТЧЕТ

Чүй областына караштуу Ысык-Ата районунун  Камчыбек Шакиров атындагы жалпы билим берүү  орто мектеби

ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯЛОО

 

 

 

 

 

 

  1. Киришүү

Сын-Таш айылынын Камчыбек Шакиров атындагы жалпы билим берүү  орто мектеби.

1998-жылдын февраль айында колдонууга берилген.  350 окуучуга эсептелген. Типтүү имарат,  электр тогу  менен жылытылат. Окуучулар кыргыз тилинде окушат.

Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин  Чүй областынын Юстиция башкармалыгы тарабынан “жалпы билим берүү орто мектеби” деп аталып,  №0046579 ГПЮ сериясында 2021-жылдын 30-мартында юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон кайрадан өттү,

Күбөлүгү 82821-3308-У-е каттоо номери менен катталды. Мектеп Чүй областы, Ысык-Ата району , Сын-Таш айылынын  Камчыбек Шакиров көчөсүндө  н\ж  жайгашкан.

Телефон: жок

Электрондук дареги: shkolashakirova@mail.ru

Мектептин  миссиясы:  Коомго патриоттук жаранды тарбиялай алган,Ата-Мекенин чындап сүйгөн,боорукер идеалдарды өзүнө сиңирген жана бузукулук идеяларды четке кагып,аларга туруштук бере алган ,маданий чыгармачыл билим берүү системасын түзүү.

Мектеп  жетекчиси: Иманалиева Лаура Мунапысовна  тел:0702663774, эл.почта дареги: [email protected]

Дареги: Чүй областы ,Ысык-Ата районунун,  Сын-Таш айылындагы  Камчыбек Шакиров атындагы жалпы билим берүү орто мектеби  .

Телефон № жок

электрондук   дареги:shkolashakirova @mail.ru

 

 

 

 

  1. Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана тастыктоочу база
Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлер Өзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база
1. БИЛИМ  БЕРҮҮНҮН  САПАТЫН  КАМСЫЗДОО  САЯСАТЫ
1.1Билим берүү уюмунун  ишин жөнгө салуучу бекитилген ички актылардын болушу.Чүй областынын Ысык-Ата  районунун  Сын-Таш айылынын Камчыбек Шакиров атындагы жалпы билим берүү орто мектеби окутуу- тарбиялоо процессинде Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы мыйзамдарына, талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Билими жана кесиптик тажрыйбасы бар компетенттүү жамаат,  мектеп администрациясы менен биргеликте иш алып барат. Мектеп өз ишин Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында 2021-жылдын 30-мартында  юридикалык жак катары  мамлекеттик каттоодон кайрадан өткөн.  №23393516  ГПЮ  сериясындагы, 82821-3308-М-е каттоо номери менен катталган күбөлүгүнө,  Уставына ылайык, ошондой эле ички локалдык актылардын негизинде төмөнкү иш багыттары  боюнча жөнгө салынат:                                                                                        1.Билим берүү уюмунун уставы

2.  Билим берүү уюмунун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболор

3. Билим берүү уюмунун ишмердигин жөнгө салган башка локалдык актылар.

4. Билим берүү уюмунун сайтында алардын шилтемеси көрсөтүлгөн

 

Билим берүү уюмунун уставы

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/ustav.pdf   

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/kuboluk.pdf

Билим берүү уюмунун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболор

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/parlamenti-zh-n-nd-zhobo.pdf

Билим берүү уюмунун ишмердигин жөнгө салган башка локалдык актылар.

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/akt-1.pdf 

 

1.2Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген Кыргыз республикасынын жалпы орто  билимдин мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык иш алып баруу менен К.Шакиров жалпы орто билим берүү мектебинин билим сапатын камсыздоо максатында 2018-жылдын №6 Педагогикалык кеңешмеде бекитилген мектептин өнүгүү планында жана учурдагы окутууну жана тарбиялоону жакшыртуу планында (ОТЖП)мектептин миссиясы жана максаттары чагылдырылган.

Мектепти жана кызыкдар тараптарды өзүн-өзү баалоонун жыйынтыктары менен кошумча талаптар керек экендигин эске алуу менен МӨПкө(стратегиялык планга киргизилген),ал эми толуктоолор ОТЖПда жыл сайын анализделип киргизилип турат.педагогикалык кеңештердин жана өндүрүштүк кеңешмелердин маселелери талапка ылайык,зарыл деп табылган маселелер менен алмашылып турат.

К.Шакиров атындагы жалпы орто билим берүүчү мекеме болуу менен бирге ,башталгыч,негизги жана жалпы билим берүүгө багытталат.

Мугалимдер жамаатынын жана администрациянын алдында коюлган максаттарга жетүүгө,милдеттерди аткарууга,сапаттуу мониторингдерди жүргүзүүго жана ишти баалап ишке ашырууга төмөндөгүдөй иш-чаралар пайдаланылат.

Билим берүү уюму кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө карата төмөндөгү структуралык бөлүктөр менен иш жүргүзүлөт:

-педагогикалык курам

-тех.персонал

-окуучулардын курамы

-ата-энелер комитети

-коомчулук мектептин өнүгүү планы менен иш алып барат.

Мектептин миссиясы: Коомго патриоттук жаранды тарбиялай алган, Ата-Мекенин чындап сүйгөн, боорукер идеалдарды өзүнө сиңирген жана бузукулук идеяларды четке кагып, аларга туруштук бере алган, маданий-чыгармачыл билим берүү системасын түзүү.

Окуучулардын билим сапатын мугалимдердин тажрыйбаларын,профессионалдуулугун арттыруу,ЖРТга даярдоо иш чаралары боюнча мугалимдер өз билимин көтөрүүнүн үстүндө иш алып барып жатат.

Миссия жана стратегиялык максаттар, жылдар боюнча жетишкен индикаторлор

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/02/mekteptin-missiyasy.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/2017-2018-n-kt-r-strategiyalyk-plany.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/sertifikat-11.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/2017-2018-tarbiyalyk-ish-plany-taldoosu.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/2018-2019-tarbiyalyk-ish-plany-taldoosu.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/2019-2020-tarbiyalyk-ish-plany-taldoosu.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/2021-2022-tarbiyalyk-ish-plany-taldoosu.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/02/strategiyalyk-planyna-taldoo.pdf

 

1.3Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын түзүмдөрдүн болушуМектепте ар түрдүү маселелер боюнча маселелерди чечүүдө стратегиялык жана учурдагы пландарды түзүүдө кызыкдар тараптын катышуусу, ата-энелер комитетинин төрагасы менен чечимдердин кабыл алынгандыгы жөнүндө тастыктоочу маалыматтар бар.https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/nastavnik-3.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/usulduk-birikmenin-zhetekchisinin-talaptary.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/02/nasaatchynyn-zhobosu.pdf

1.4Персоналдын жана окуучулардын жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдеринин болушу, аларды сактоо (билим берүүнүн жана инсандын, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын колдоочу уюштуруучулук маданияттын калыптангандыгы)1.Мектепте мугалим окуучулардын позитивдүү мамилелерин, жүрүм-турумдарын колдоого алуу, мактоону, сыйлыктарды туура жана таасирдүү колдонуу. Ар бир окуучуга өз билимин өркүндөтүүгө көмөк бере турган демократиялык шарттарды түзүү. Класстын ичинде таасирдүү байланыш тузүү(окуучу-мугалим, окуучу-окуучу, мугалим-окуучу мамилелери). Үндүн тонун туура, таасирдүү пайдалануу жана окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө карап өзгөртүү.

Жасалган иштерди (сынак, тапшырма) үзгүлтүксүз окуучуга билдирип туруу.

2. Кечиккен окуучуларды күзөтчү мугалим карайт, кечигип келүү жөнүндө күндөлүккө жазуу. Окуучулар сабак башталардан 10 мүнөт мурун класстарга чыгып, алдыда боло турган баардык окуу куралдарын ( китеп, дептер, калем, күндөлүк) колдонушат.

Класска мугалим же башка чоң адамдар киргенде окуучулар ордуларынан туруп саламдашышат. Окуучулар мектеп формасында келишет. Улууларды урматташат, кичүүлөрго кам көрүшөт жана бири-бирин сыйлашат.

Мугалимдер арасында этикалык комиссия түзүлгөн .Бул комиссия этикалык ченемдер бузулган учурда жана жеке кайрылуулардын негизинде иш жүргүзөт.Кызматкерлер арасында өз ара мамилелер,жамаатташтык шериктештик жана бири-бирин сыйлоо принциптерине негизделет.Эмгек тартибинин ички эрежелери боюнча суроолор  мектептин администрация жана пед.коллектив менен чечилет.

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/okuuc

hulardyn-etikalyk-kodeksi.pdf

 

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/zh-r-m-turum-erezheleri-zh-n-nd-zhobo.pdf

 

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/2017-2018-tarbiyalyk-ish-plany-taldoosu.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/2018-2019-tarbiyalyk-ish-plany-taldoosu.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/2019-2020-tarbiyalyk-ish-plany-taldoosu.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/2021-2022-tarbiyalyk-ish-plany-taldoosu.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/2018-2019-zhylynyn-sotsialdyk-pedagog-ish-plany-taldoosu.pdf

1.5Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушуМектепте окуу бөлмөлөрү кышкысын жылуу.окуучулардын билим алуусуна жана мугалимдердин иштөөсүнө шарттар түзүлгон.

Мектеп ашканасында толугу менен талапка ылайык шарттар түзүлгөн.Жылуулук системасы менен камсыздалган.Тыныгуу убагында мектеп желдетилип,нымдуу уборкалар жүргүзүлуп турат.Жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында хлор менен уборка жасалат.Мектептин кире беришинде дизковрик,антисептик,суюк самындар,маска менен камсыз кылынган.

Окуучулар арасында сергек жашоо боюнча класстан тышкаркы иштер жана класстык сааттар өтүлүп турат.таза суу киргизилген,ички туалет курулган,медицина кызматкерлери менен тыгыз иш алып баруу жагы жолго коюлган .

Электр жылыткычтарына оз убагында ремонт иштерин жүргузүү иштери аткарылып турат.

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/koopsuz-mektep-2021-2022-zh-ish-charasy.pdf

 

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/02/nooruz-achyk-sabak.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/matematikalyk-keche.pdf

 

1.6Кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнү колдонуудагы механизмдердин болушу.Ата-эне,коомчулук мектеп менен биргеликте балдарга ыңгайлуу шарт түзүү механизми иштелип чыккан.Нормативдик изилдөө актылары ,КРнын “Билим берүү ”боюнча жоболору:

1.       Предметтик мугалимдердин семинарлары

2.      Мугалимдердин оз билимин жогорулатуу курстары

3.      Ата-энелердин мектеп жана коомчулук менен өз ара байланышы

Башталгыч класстардын окуучулары менен “Бирге окуйбуз” долбоорунун негизинде сабактар өткөрүлөт(фото отчеттор жүктөлөт).

Schoolclubkg жеке уюму тарабынан бүтүрүүчү класстардын окуучуларын ЖРТга даярдоо үчүн акысыз курстарды өтүп жатат.

Ата-энелер класс жетекчини жана соцпедагогду пайда болгон суроолор жана көйгөйлөрду чечүүдөгү эң биринчи жардамчы катары бөлүп карашат.Мектепте дайыма чейрек сайын ата-энелер жыйналышы өткорулүп турат.Мында негизги максат үй бүлөдөгү тарбияны көтөрүү жана анын эффективдүү калыптанышы үчүн шарт түзүү болуп саналат.Ушул максатта сүйлошүүлөр жана сурамжылоолор  өткөрүлөт.

 Билим берүү уюмунда билим берүү сапатын камсыз кылуу системасы жөнүндө колдонмо/жобо.

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/2017-2022-okuu-zhylyna-karata-kao-maalymaty-1.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2021/12/sertifikat.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/2017-2018-2019-2020-2021-2022-zhzh-ata-eneler-menen-isht-plany.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/02/strategiyalyk-planyna-taldoo.pdf

1.7Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасынын,веб-сайттын,электрондук почтанын болушу.Мектеп интернет тармагы менен камсыздалган эмес. Компьютердик класс бар,бирок интернет байланышка туташтырылган эмес.Мектептин сайтына мектепте болуп жаткан жаңылыктар,мугалимдердин мыкты сабактары жүктөлүп турат. Мектептин электрондук дареги: https:[email protected]

Расмий сайты: https://shakirov.mektebim.kg/

Күчтүү жактар:

-Мугалимдер жамаатында ынтымактуу жагдайдын түзүлүшү

-Педагогдордун өз билимин өркүндөтүү курстарына үзгултүксуз катышуусу

-Компетенттүү,тажрыйбалуу мугалимдердин болушу.

-Райондук олимпиадалардагы окуучулардын ийгиликтери жана аны даярдаган мугалимдин тажрыйбасы.

-Мектептеги кружоктун жеткиликтүү иш алып баруусу.

-Мугалимдердин кесиптүүлүгү боюнча 100% камсыз болуусу

-Мугалимдердин компьютердик сабаттуулугу боюнча иш алып баруусу

-Мугалимдердин район ичиндеги семинар,курстарга катышуусу.

-Мектептин мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иш алып баруусу.

-Ата-энелер комитети менен мектептин тыгыз байланышы

Алсыз жактары:

-Мектеп интернет тармагы менен камсыздалган эмес.

-Ата-энелердин мектептин проблемасын чечүүдө пассивдүүлүгү

-Социалдык жактан коргоого муктаж болгон окуучулардын жылдан –жылга көбөйүшү

— Ата-энелерде ички жана сырткы миграциянын көбөйүшү

-химия жана физика предметтери боюнча лабораториялык иштерди жүргүзүү үчүн реактивдердин жана приборлордун жетишсиздиги-Тиешелүү окуу кабинеттерини жетишсиздиги.

-Окуу китептери толук эмес камсыз болушу.

2.      Кадрдык саясаттын эффективдүүлүгү
2.1Педагогикалык, административдик,окутуучу- көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун(жумуштан бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушуМугалимдерди кабыл алуу түзүлгөн бош орундарга ылайык,талаптуу түрдө адистиги боюнча, дипломдун негизинде жана КРнын Эмгек Кодексине шайкештикте жүргүзүлөт. Учурда 26 мугалим ,анын ичинен 22 мугалим жогорку билимдүү, 2 мугалим атайын орто билими менен, 2 мугалим бакалавр билими менен эмгектенет.”Кыргыз республикасынын Билим берүүнүн мыктысы”-5 мугалим.

Окуучулардын билим берүү ишмердүүлүгүн, мектептин ички иш кагаздарынын абалын талдоодо педагогикалык жамаат менен усулдук иштин уюштурулушу ачык көрүнөт. Усулдук кызматтын түзүмү педагогдордун кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү боюнча керектөөлөрүнө шайкеш келет. Мектепте 3 усулдук бирикме иштейт.Учурда мектептин педагогикалык кадр менен камсыз болушу 100% түзөт.

Жумушка орноштуруу жөнүндө нускама

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2021/12/trudovoy-kedeks-3.pdf

Жумушка кабыл алуу жана бошотуу үчүн буйруктар

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/buyruk-direktora.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/emgek-kelishimi.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/02/2021-2022-mugalimderdin-ber-ch-sabaktary.pdf

2.2Штаттардын коплекттелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсүМектепте 3 усулдук бирикме иштейт. Усулдук кеңешмелерди мектептин окуу завучу алып барат.  Мектептеги усулдук жана инновациялык иштерди уюштуруу процесстин өнүгүүсүн көзөмөлгө алуу жана жетектөө.                                                        Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн кесиптик курстан өткөрүү.

Усулдук иштер жакшы жолго коюлган, жаш мугалимдерге усулдук жардам берүү, алдыңкы мугалимдердин иш- тажрыйбасын жайылтуу, предметтик декадаларды өз деңгээлинде өткөрүү,ар жыл сайын жылдын эң мыкты мугалимин тандап чыгаруу, мугалимдерди мүмкүнчүлүккө жараша атайын квалификацияларын жогорулатуучу  курстарга жөнөтүү сыяктуу иштер өз деңгээлинде жүргүзүлөт. Ар кандай интерактивдүү усулдар менен тааныштыруу максатында усулдук кеңешмелер өткөрүлүп турат.

Ар бир жарым жылдыкта окуучуларга баа коюунун объективдүүлүгү талданат,окуучулардын сабактардан жетишүүсүн жана билим сапатын жогорулатуу боюнча чечимдер кабыл алынат.

. https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/2017-2018-mugalimderdin-ber-ch-sabaktary.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/mugalimder-tizmesi-zhana-bergen-sabaktary-2018-2019-zhzh.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/mugalimder-tizmesi-zhana-bergen-sabaktary-2019-2020zhzh.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/mugalimder-tizmesi-zhana-bergen-sabaktary-2020-2021-zhzh.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/02/2021-2022-mugalimderdin-ber-ch-sabaktary.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2021/12/tarifikatsiya-2019-2020-3.pdf   

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2021/12/tarifikatsiya-2021-2022-3.pdf

 

2.3Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу.Мектеп бардык керектүү адистер менен  камсыздалган. Билим берүү процессиндеги билимдерин оңдоо-түзөтүүгө муктаж болгон айрым окуучулар үчүн жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүүчү программаларына ылайык жүргүзүлөт.Мектептин кадрлык курамы ишке ашып жаткан билим берүү программасына жана талаптарына толук ылайык.Мектепте соц педагог иш алып барат.Ички көзөмөл

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/ichki-tartibinin-erezheleri.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/baldarga-karata-zombuluk-2.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/02/migranttardyn-baldary-menen-zh-rg-z-l-ch-ishterdin-plany.pdf

 

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/2021-2022-zhylynyn-sotsialdyk-pedagog-ish-plany-taldoosu.pdf

2.4Педагогикалык, административдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдын ишин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу.Мектепте экспенрттик кеңеш окуу эжылынын башында түзүлөт. Мугалимдердин, кенже тейлөөчүлөрдүн ишин баалоо лоюнча критерийлердин негизинде баалоо упай коюлуп, квартал сайын КТУ да каралып, бааланат.

Андан сырткары мектеп тарабынан сыйлык, грамоталарга көргөзүлөт.Ал педагогикалык кеңеште жана профсоюз чогулушунда каралат. Айрым учурда эмгек китепчелерге сыйлоо буйругу жазылат. Окуу жылдын аягында чыгармачылык менен эмгектенген мугалимдерге, кенже тейлөөчүлөргө педагогикалык кеңештин чечиминин негизинде акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Мугалимдердин ишинин натыйжалуулугун баалоо критерийлери жөнүндө жобо

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/buyruk-direktora.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/buyruk-4.pdf

 

Күчтүү жактар:

-Предметтик мугалимдер 100% жетиштүү.

-КАОдон мугалимдер өз убагында өтүп турат.

-КТУнун негизинде стимул берүү

-Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйронү түзүүдө педагогикалык жана кенже персоналдардын ,ата-энелердин,жергиликтүү бийликтин.медицина кызматкерлеринин кызыкдар болушу.

-Класстар жарык, таза жана жылуу.

— Балдардын коопсуздугу боюнча бардык шарттар түзүлгөн.

-ИДН кызматкерлери менен тыгыз иш алып баруу.

-Соц.педагогдун ата-энелер,балдар менен тыгыз иш алып баруусу.

-Эксперттик комиссиялардын так иштөөсү

-Жаш кадрлардын көп тартылышы.

Алсыз жактар :

-Ата-энелердин жоопкерчилигинин аздыгы.

-Акча каражатынын жетишсиздиги.

-Кенже персоналдар үчүн айлык акынын аз болушу.

-Алыстан келген мугалим жана окуучулардын коопсуздугу.Окуучулар үчүн жол кире акысына жеңилдиктин жоктугу.

3.Материалдык-техникалык база
3.1Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын(жабдылган окуу класстары,лабораториялар,компьютердик класстар) болушу.Мектептин материалдык-техникалык базасы билим берүү уюмунун максаттарына жана милдеттерине шайкеш келет. Имараттын жалпы аянты – 1 га. Аянтта 1 корпус ,2 кабаттуу.Мектепте ашкана бар.

.Имарат электр системасы менен жылытылат. Мектепте балдардын билим алуусуна жана мугалимдердин иш алып баруусуна шарт түзүү максатында мектептин материалдык базасын чыңдоо иштери жүргүзүлүп келет.

·         Мектеп 1 кабаттан туруп, бир смен менен окутуу жүргүзүлөт.

·         Жалпы 16 класстык бөлмө

·         Бир компьютердик класс

·         28 орундуу бир ашкана

·         Бир китепкана

·         Бир футболдук аянтча

·         Лабораториялык (химия, биология)

·         Түнкү күзөтчүлөр үчүн бөлмө

КР нын 2002-жылдын 27-июнундагы №111 КРнын жалпы билим берүү мектептериндеги окуучулардын тамактануусун уюштуруу тууралуу мыйзамы ишке китген. Мектептин ашканасы талапка ылайык жабдылган, 28 орундуу. Жогорку билимдүү мугалимдер менен камсыз болгон. Материалдык базаны чыңдоонун үстүндө иш аракеттер жүрүүлдө.

Стратегиялык максат:

1.      Баланын укугу жөнүндө конвенция

2.      КР “Билим берүү жөнүндө” мыйзам 1-берене.

1.сапаттуу билим алуу укуктарын камсыздандыруу

2.ар бир жарандын калыптанышы үчүн, ага керектүү билим берүүнүү өнүктүрүү.

3.билим берүү тармагында балдарды патриоттукка тарбиялоо

4.окуу тарбия процессин ресурстук жактан өнүктүрүү.

Материлдык-техникалык база. Фотоотчет

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/02/ashkana-zh-n-nd-g-maalymat.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/02/den-sooluk-burchu.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/evakuatsiya-i-tehnikalyk-baza.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/02/mektep-taryshy.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/informatika-zhonundo-akt.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/kitepkana-2017-22-zhalpy-sany-.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/02/s-r-t.pdf

 

3.2Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык,санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер,өрткө каршы коопсуздук,эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери).Мектепте санитардык-гигиеналык ченемдер, өрт коопсуздугунун, эмгекти коргоонун жана коопсуздук эрежелеринин талаптарына ылайык иш-чаралар иштелип чыккан.Жыл сайын санитардык-гигиеналык ченемдерге жана эрежелерге, өрт коопсуздугун жана коопсуздук техниканы сактоо талаптарына шайкеш келишине карата текшерүүдөн ийгиликтүү өтөт.Мектептин материалдык-техникалык топтомунун жана имараттын абалы санитардык ченемдерге жана өрт коопсуздугунун талаптарына толук жооп берет.Билим берүү процессин жүргүзүү үчүн колдонулуучу имараттын ишке жарактуулугу Чүй облусунун санитардык-эпидемиологиялык кызматынын корутундусу,ошондой эле Чүй облусунун өрт коопсуздугу кызматынын корутундусу жана Ысык-Ата райондук өрт коопсуздугу кызматынын корутундусу менен тастыкталат. Мектепте санитардык-гигиеналык ченемдер, өрт коопсуздугунун, эмгекти коргоонун жана коопсуздук эрежелеринин талаптарына ылайык иш-чаралар иштелип чыккан.Жобо:Коопсуздук эрежелери, областтык санитардык-эпидемиология станциясынын  тактамасы.

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/akt-sanitarno-epidemologicheskiy-obsledovanie.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/koopsuz-mektep-2021-2022-zh-ish-charasy.pdf

3.3Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу Мектеп материалдык-техникалык топтомун жакшыртуу боюнча механизми (иштелип чыккан программа) бар.

Программанын негиздемеси:                                  Мектепте төмөнкү көйгөйлөрдү чечүүнү талап кылат: Күндөлүк оңдоо иштерин өткөрүү,мектептин аймагын жашылдандыруу,негизги жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча жабдууларды сатып алуу.                                                      Программанын максаттары:                                         Билим берүү процессинин максималдуу натыйжалуулугуна жетишүү максатында мектептин билим берүү процессин материалдык-техникалык жактан камсыздоону жакшыртуу.

 

Материалдык-техникалык базасы жөнүндөгү  жобо

Инвентаризациялык актылар.

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/02/akt-zavhoz.pdf

 Күчтүү жактар:

-Компетенттүү билим берүүдө окуучулар максаттарын өздөрү ишке ашырууга далалат кылуулары,жөндөмдүүлүктүн өсүшү.

-Спорттук мелдештердин ар кандай түрлөрүнө катышып,ийгилик алып келүүлөрү.

-Мектепте материалдык-техникалык топтомун жакшыртуу боюнча механизми (иштелип чыккан программа) бар.Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана маалыматтык ресурстарын жакшыртуу үчүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иш алып баруу жакшы жолго коюлган.

-Тарбиялык иштердин окуу иштерине шайкеш келүүсү.

-сынактар өз убагында өтүлгөндүктөн,кылмыштуулуктун алдын алууга мүмкүнчүлүктөрдүн болушу.

-мектептеги ачык-айкындуулук.

— Мектептин жетишкендиктери менен кыйынчылыктарын ата-эне менен бирдикте талкуулоо

-Ар бир мугалим,класс жетекчинин мектеп администрациясынын ишмердүүлүктөрү менен ата-эненин кабардар болуп турушу.

-Маалыматтын коомго өз учурунда,узгүлтүккө учурабай жетип турушу.

 

Алсыз жактары:Спорт залдын жоктугу.

Физика жана химия кабинеттеринин заманбап жабдуулар менен камсыз болбогондугу.Химиялык реактивдердин жетишсиздиги.

Окуу кабинеттеринин заманбап эмеректер менен камсыз болбогондугу.

Компьютерлердин аздыгы жана анын интернет менен туташтырылбагандыгы.

 

4. Финансылык ресурстарды башкаруу.
4.1Финансылык пландоо системасынын болушу.Педагогикалык кадрлардын эмгек маянасы атайын бекитилген тарификациянын негизинде мамлекеттик бюджеттен каржыланат.https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/tarifikatsiyaloo-komissiyasynyn-zhoboloru-1.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2021/12/tarifikatsiya-2021-2022-3.pdf

 

4.2Кошумча финансы ресурстарын тартуу,бөлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча ачык-айкын механизмдердин болушу.Жергиликтүү бийлик аркылуу мектепти жайкы оңдоп- түзөө, ремонт иштерине,чарба иштерине, аз болсо да финансылык каражат бөлүнөт.Бөлүнгөн акча каражаттары боюнча директордун чарба иштери боюнча орун басары тарабынан акты түзүлүп, тиешелүү мекемеге отчет берилип туратhttps://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/01/2018-2019-2020-2021zhzh-syn-tash-a.-tarabynan-karzhylangan-vedomost.pdf
4.3Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу.Окуу процессин жакшыртууда ар кандай долбоорлордун негизинде “MERSIKO” помпаниясы менен келишим түзүлүп, мектепке даараткана, ашкана курулган.

“USAID” тарабынан китепканага адабий окуу китептери, брошюралар, энциклопедиялар алынып келген.

“Тынчтык Корпус” тарабынан мектепке 20 ноутбук, 1 принтер берилген.

Стратегиялык план

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/02/daaratkana-zh-n-nd-maalymat.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/353/2022/02/ashkana-zh-n-nd-g-maalymat.pdf

https://shakirov.mektebim.kg/maalymattyk-kitepkana-kyzmaty/

Күчтүү жактар:

Билим берүугө кызыкдар тараптан нааразычылыктардын жок болушу

Профсоюздун алгылыктуу иштеши

Жергиликтүү бийликтин билим берүү  мекемесине ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү .

”Мерсико”,” USAID”  уюмунун мектепке көмөк көрсөтүүсү.

 

Алсыз жактар:   

  Мектеп фондунун жоктугу.

Спорт залдын жоктугу.

Окуу кабинеттерге  интерактивдүү такталардын  жоктугу.

Билим берүүнүн  сапатын көтөрүү  үчүн материалдык –техникалык  базаларды чыңдоо маселеси.

Спонсорлордун жетишсиздиги.

Мугалим жана кенже кызматкерлердин эмгек акысынын аздыгы.

Мектеп ремонтуна  бөлунгөн акча каражатынын жетишсиздиги.

Жылдан-жылга эмеректердин эскириши жана жетишсиздиги.

Окуу китептеринин жетишсиздиги жана аренда акысынын төлөөдөгү кыйынчылыктары.

 

Жыйынтык:

Сын-таш айылынын К.Шакиров атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин иш кагаздары талапка ылайык жүргүзүлөт:

16 класстык журнал,алфавит китеби,окуучунун жана мугалимдердин жеке иш кагаздары,буйрук китептер.Окуучулардын келип- кетүүкыймылы боюнча убагында алфавит китебине катталып, класстык журналдар,окуучулардын өздүк делолору текшерилип турат.Чейрек сайын окуучулардын билим сапаты,жетишүүсү тууралуу Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнө маалымат берилет.Окуу жылынын жыйынтыгы менен мектептин ишмердүүлүгү,жетишкен ийгиликтер боюнча анализ жүргузүлөт. Бул анализдин негизинде жаңы окуу жылына карата план иштелип чыгат.мектептин күчтүү жагы болупалдына койгон максатынын,миссиясынын тактыгы,чыгармачыл изденүү менен эмгектенген көп жылдык эмгек стажы бар мугалимдердин басымдуулугу эсептелинет.

Жыл сайын мугалимдер жамааты жаш кадрлар менен толукталып турат.Аларга насаатчы мугалим бекитилип,усулдук жардам берилет. Билим берүүнүн жаңы Мамлекеттик стандарты боюнча мугалимдердин календарлык жана күнүмдүк сабактын пландары иштелип чыккан.Чейрек сайын билим берүү боюнча жыйынтык чыгарылып,мониторинг түзүлөт. Предметтик мугалимдер окуучуларды ЖРТга даярдоону жакшыртуунун үстүндө иштешет. Мугалимдер заман талабына ылайык заманбап технологияларды колдонуу менен билим сапатын көтөрүүнүн үстүндө иш алып барышат.мектеп китепканасынын фонду жыл сайын жаңыртылып турат.

Мугалимдер жамаатынын курамы жакшы.жаш мугалимдерге усулдук бирикме тарабынан тиешелүү деңгээлде жардам берилет.Мектеп окуучуга билим берүү үчүн заманбап интерактивдик доскаларга жана интернет булагына муктаж.Компьютерлердин саны жетишсиз,мындан тышкары,мектеп спорт залы,химия,физика сабактары боюнча методикалык колдонмолор,лабораториялык жабдууларга муктаж.

Мектепте окуу-тарбия иштери туура жолго салынып,ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу жүргүзүлөт.Окуучулар арасында ар кандай класстан тышкаркы иштер,маданий иш-чаралар уюштурулуп турат.Класс жетекчилер планга ылайык тегерек столдорду,КВН, ар кандай сынактарды өткөрүп турушат.Мектепте спорт жагынан да бир топ ийгилик жараткан иштер жүргүлүп турат.Окуучулар шахмат,тогуз коргоол,футбол,күрөш боюнча бир топ ийгиликтерге жетишкен.

 

Класстан тышкаркы иштерди уюштуруу он жолго салынган.Мектеп парламенти ар кандай иш-чараларды өткөзүп турушат.

Окуучулар жана мугалимдер үчүн таза суу орнотулган,мектеп ичинде  жана сыртында ажаатканалар иштейт.Жылуулук системасы электр энергиясы менен иштейт.

К.Шакиров атындагы жалпы билим берүү орто мектеби жобого ылайык бардык  нормативдик-укуктук документтерге ээ:

  1. Билим берүү мекемесинин Уставы;
  2. Юридикалык тарап катары күбөлүк;
  3. Жалпы орто билим берүү уюму катары статусу бекемделген сертификат сериясы №0046579

Мектеп иш кагаздары нормативдик талаптарга ылайык жүргүзүлөт:ар бир окуу жылынын башында класстык журналдар,1 алфавит китеби,мугалимдер жана окуучулардын өздүк делолору,эмгек келишимдери.Окуу процессинде болгон өзгөрүүлөр  оз убагында жана системалуутүрдө класстык журналдарда,өздүк делолордо белгиленип,тил кат,тастыктамалардын негизинде аныкталып турат.

Мугалимдердин кесиптик квалификациясын,кесипкөйлүгүн жогорулатуу багытында системалуу түрдө үзгүлтүксүз жогорулатуу курстарынан отүп турат,бул көрсөткүч жылдан-жылга жогрулап жаткандыгы аныкталды.Мектептин базасында мектеп мугалимдери жана жетекчилери үчүн ар кандай семинарлар,тренингдер байма-бай өтүлүп турат.Предметтик олимпиада боюнча мектеп окуучулары  райондук,облустук деңгээлде катышып жатышат.Предметтик олимпиадалар менен катар ЖРТга даярдык көрүү да актуалдуу маселе катары калат.Акыркы жылдары ЖРТга катышкан окуучулар жогорку баллдарды алышып,жакшы көрсөткүчкө ээ болду.Бүтүрүүчүлордүн дээрлик көпчүлүгү ЖОЖдордо билим алышууда.

Ар бир жарым жылдыкта ата-энелер чогулушу өткөрүлүп,окуу жылынын аягында жыйынтык чыгарылат.

Мектептин алдыга койгон  максаты: мектептин эшик-терезелерин алмаштыруу,класстык бөлмөлөрдү жабдуу,спорт залын салууга демөөрчу табуу,олимпиадалардан жакшы ийгиликтерди жаратуу,ЖРТдан жогорку упайларды алууга даярдоо.

 

 

Сунуштар :

  • Билим берүү программасын жакшыртуу боюнчапландарды ишке ашырууда сунуштарды тиешелүү органдарга берип,алардын аткарылышын дайыма көзөмөлгө алып,талап кылуу.
  • Мектепте мультимедиалык каражаттардын санын көбөйтүү жана аны сабакка эффективдүү колдонуу.
  • Мектептин класс кабинеттерин лабораториялык каражаттар,эмеректер,реактивдер,технология жана дене тарбия сабактарын тиешелүү каражаттар менен жабдуу.
  • Облустан сырткары мугалимдерди квалификациясын жогорулатуу курстарга жиберүүнү колго алып,алардын иш сапарларын толөп берүү маселесин жергиликтүү бюджетке сунуштоо.
  • Республикалык алкакта мектептердин жана мугалимдердин тажрыйба алмашуу боюнча иштерин уюштуруу боюнча райондук билим берүү бөлүмүнө сунуштоо.

 

Сын-таш айылынын К.Шакиров атындагы

жалпы билим берүү орто мектебинин  жетекчиси,комиссиянын төрайымы:                                 Л.М.Иманалиева

Комиссиянын мүчөлөрү: