Ысык-Ата районундагы Камчыбек Шакиров атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2021-жылдын 15-сентябрында саат 9:00до салтанаттуу линейка башталды. Мектептин алды кооз желектер, шарлар, сүрөттөр илинип, көрктүү жасалгаланды.
Линейкага топтолуш мүмкунчүлуктөрүн азайтуу максатында 1-класстын ата-энелери эле коштоп келишти. Мектеп жетекчиси Иманалиева Л.М билим күнү менен куттуктап, өз сөзүндө окуучуларга ак жол жана келечекте жакшы окуучулар болушун каалап кетти. 1-11-класстардын майрамдык программасы көрсөтулдү. Окуучулар Билим күнүнө жана мекенге карата көркөм ырларын айтышып, бийлерин аткарышты. Салтанаттуу линейкадан кийин Ата Мекендин алдында атуулдук милдет түшүнүктөрүн баалай билүү жана патриоттук сезимге тарбиялоодо биринчи сабак өткөрүлдү.
Башталгыч класстар "Ата-Журтум-асыл мекеним", ал эми жогорку класстар "Түбөлүккө желбирей бер, эгемендик желеги", жана "Мекенибиз Кыргызстан эгемендүүлүк жолунда" аталышындагы тарбиялык сабактарын өтүштү. Сабактын негизги максаты; КРнын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашырууда элдин, жердин тарыхын окуп-үйрөнүү менен Мекенге болгон сүйүүнү арттыруу, улут аралык достукту чыңдоо.