Биз жөнүндө

Биз жөнүндөБиз жөнүндө Биз жөнүндө<Биз жөнүндө

Сын-Таш айылынын Камчыбек Шакиров атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин тарыхы

Сын-Таш айылынын Камчыбек Шакиров атындагы жалпы билим берүү мектеби Чүй облусунун Ысык-Ата районунун, Сын– Таш айыл өкмөтүнө караштуу, Сын-Таш айылынын, Камчыбек Шакиров  көчөсүндө жайгашкан.

2009-жылы Сын-Таш айылынын тургундарынын чечими менен Сын-Таш орто мектебине Камчыбек Шакиров агайдын ысымы берилген.  Камчыбек Шакиров атындагы Сын-Таш орто мектеби деп аталган. Камчыбек Шакиров агайыбыз 1948-жылы, 1-мартта азыркы Ысык-Ата районунун  Сын-Таш  айылында  туулган.

1964-жылы Кара-Балта шаарындагы А. Макаренко мектеп-интернатын аяктап, Кыргыз Мамлекеттик Университетинин экономикалык факультетине тапшырган.

1973-1976-жылдары Финансы министерствосунун өндүрүштү каржылоо башкармасынын экономисти, башкы экономисти.

1976-1988-жылдары Финансы министерствосунун бюджет башкармасынын орун басары, башчысы.

1988-1989-жылга чейин Финансы министринин орун басары.

1989-1992-жылдары Госпландын башчысынын орун басары, баа боюнча башкармалыгынын башчысы, Баа мамлекеттиккомитетинин башчысы, Кыргыз Республикасынын баа жана антимонополия комитетинин биринчи орун басары.

1992-1993- жылдары Экономика жана финансы министринин орун басары, Экономика жана финансы министри.

1993-1994-жылдарыФинансы министри.

1994-1995-жылдары Бишкек шаардык финансы башкармасынын башчысы.

1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин экономикалык суроолор жана финансы комитетинин сектор башчысы.

1996-1998-жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси, жыйындын Аппарат жетекчиси.

1998-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин «Юриспруденция» адистиги боюнча артыкчылык дипломуна ээ болгон.

1998-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Премьер  министринин Аппаратынын финансылык жана кредиттик жөнгө салуу департаментинин жетекчиси.

К.Шакировдун демилгеси менен азыркы күндөгү  мектеп курулган. Мектепти салууда  Камчыбек ага материалдык, моралдык жактан зор салымын кошкон.

1998-жылы К.Шакиров атындагы орто мектеп ачылган. Мектептин  алгачкы жетекчиси болуп  мектептин кыргыз тил мугалими Жумалиев Калидин дайындалган.  Жумалиев Калидин  агайыбыздын  11 жылдык мектеп болуп ачылышына зор салымы бар. Андан кийин тарых мугалими Дыйканбаев Каныбек Жекшенович жетектеген.  Дыйканбаев К.Ж. пенсияга чыкканына байланыштуу ушул эле мектептин дене тарбия мугалими  Боркеев Эркинбек  Токтосунович 2013-жылы мектептин жетекчиси болуп дайындалат. Мектептин жетекиси Боркеев Эркинбек эмгек жолунда оңдоп түзөтүү иштерине көп эмгек жумшады “МЕРСиКО» мамлекеттик эмес уюмдардын жардамы менен ички туалет  салынды .

Мектептин жалпы аянты 1 га. Мектепте спорт зал жок, класстык бөлмө, ашкана, ички туалет бар. Мектеп электр тогу менен жылытылат, өзүнчө от жагуучу бөлмөсү бар. Мектеп бир сменде окуйт.  Мектепте азыркы мезгилде 25мугалим, 1 китепканачы, 1 директордун чарба иштери боюнча орун басары, 1 ашпозчу,  тогуз жумушчу иштейт. Мектеп бардык сабактар менен берген  мугалимдер менен  камсыз. Башталгыч класстын  окуучуларына ысык тамак берилүүдө. Тамактанууга  ылайык  ашканабыз  бар. 2019- жылдын ноябрь айынан баштап « МЕРС и Ко» эл аралык кайрымдуулук корпусу менен иштеп,  мектепке азык түлүк, тамак бышыруучу каражаттарын, адабий окуу китептери тамактануу бөлмөсүнө стенд,  менен камсыздалды.  Интернет желесин жаңыдан киргизилген бирок ишке кире элек.

Мектепке 2020-2021-окуу жылында Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү тарабынан мектептин китепканасына 1 компьютер, 3в1 ( сканер, ксерокс, принтер) бөлүнүп берилген.

Мындан тышкары мектепте 2011-жылдан баштап «СDP балдарды өнүктүрүү прграммасы» мектепте өз ишин жүргүзүп келет. Мектепте 100 окуучуга спонсорлук кылышат. Окуучулардан тышкары мектепке 1 проектор,  музыкалык аппаратура ( колонка, микрофон) спорттук шаймандар, спорттук форма, канцелярдык буюмдарды алып беришти. мугалимдер күнүнө карата белектерди берип келишет.

Мектепте окуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Сабактын узактыгы 45 мөөнөт.  Сабактар 1-11-класстар өтөт.  Мектепте 303 окуучу окуйт.  Мектепте окуучуларды сапатуу билим берүү  менен бирге  эмгекчил инсанды  калыптандыруу  деген методикалык программанын негизинде иштеп келет.  Мектепте сабактан тышкары эки ийрим иштейт. Спорттук жана көркөм эстетикалык.  Ошондой эле үч усулдук бирикме иштейт.

  1. Башталгыч класстар «Байчечекей» усулдук бирикмеси
  2. Тилчилер усулдук бирикмеси. «Улут байлыгы- тил»
  3. Математика-эстетикалык усулдук бирикмеси                                                                                                                                                                                                                                                                                         Мугалимдер кесипкөйлүктү жогорулатуу багытында график менен 5 жылда бир окууга барып турушат. Мектептин миссиясы : Окуучуларга сапаттуу билим берип,  татыктуу тарбиялоо, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, жөндөмдөрүн эске алуу менен бирге алардын өнүгүүсүнө ылайык шартты түзүү болуп эсептелет. 

2020-2021-окуу жылынан баштап билим берүү  министирлиги тарабынан  К.Шакиров мектеби, Сын-Таш айылынын Камчыбек Шакиров атындагы жалпы билим берүү орто мектеби болуп аталды.

2021-окуу жылынан баштап мектепти Иманалиева Лаура Мунапысовна жетектеп келет.

Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

Биз жөнүндө