Ооган согушуна 32 жыл
Камчыбек Шакиров атындагы Сын-Таш орто мектеби Советтик Армиянын Ооганстандан чыгарылышынын
32 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чаранын маалымдамасы
Камчыбек Шакиров орто мектебинде Советтик Армиянын Ооганстандан чыгарылышынын 32 жылдыгына карата №5 буйруктун негизинде иш-план бекитилип, план боюнча иш чаралар өткөрүлдү.
Мектепте жума ичинде 1-11- класстарга класс жетекчилер тарабынан “ От болуп жанган Ооган апааты” жана “Кыргыз жоокерлери Ооганда” -деген темаларда класстык сааттар өткөрүлдү.
Мындан тышкары мектептин китепканасына Афганистан Демократиялык Республикасынан Советтик аскерлердин чыгарылышынын 32 жылдыгына карата көргөзмө жасалды.
15-февральда 8-9-10-11-класстардын окуучуларына Ооган согушунун ардагери Осмонов Сааданбек Кубанычбекович менен жолугушуу уюштурулуп, агай биздин айыл өкмөтүнөн барган инсандар жөнүндө толук маалыматтарды айтып берди.
Комментарии