- Мектепте «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын белгилөө боюнча» түзүлгөн иш-пландын негизинде иш-чаралар өткөрүлдү.
3-мартта окуучуларга байрагыбыздын тарыхы боюнча доклад окулуп, жалпы мектеп боюнча линейка өттү. 1-11-класстардын окуучуларына ай ичинде «Мекенимдин желеги»-деген темада класстык сааттар өткөрүлдү жана 1-4-класстар арасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу темасында сүрөт сынагы уюштурулду. Сынакка окуучулар активдүү катышышты. Эң жакшы сүрөт тарткан окуучулар мектептин грамотасы менен сыйланышты.
Комментарии