«Акыркы коңгуроо-2021» аземи саат 9:00до КРнын туусу илинип, гимн аткаруудан башталды. Линейканы мектептин тарбия завучу алып барды. Куттуктоо сөзүн мектеп жетекчиси айтып, өткөн окуу жылында сабактардан өзгөчөлөнүп, эң жакшы жетишкендиктерди көрсөтө алган, үлгүлүү жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнгөн жана мектептин коомдук иштерине активдүү катышкан окуучуларга грамоталарды тапшырды.
Комментарии