«Алиппе билим ачкычым», «А»тамгасын тааныткан «Алиппе» китеби менен коштошуу. Кечеде тамгаларды,ырларды, макал-лакаптарды, сандарды таанып билишкен. Ошону менен бирге бийлеп, ырдаганга жетишкен. «Бактылуу балалыктан көз ирмем»
Бүгүн биздин мектепте,
“Алиппенин” майрамы
Окуп калдык бүт таанып,
Отуз алты тамганы.
Алгач жүрсөк апкаарып,
Анан көнө баштадык.
Жанылмачка тил көнүп,
Жакшы ырларын жаттадык.
Көптү билдик көп окуп,
“Алиппе” менен достошуп.
Сезимдерди ойготту,
Оюбузга ой кошуп.
Сүйүктүү ушул “Алиппе”,
Китептердин төл башы.
Жолуктурган дөөлөргө,
Жомогу бар көп жакшы.
Ала-Тоолук болобуз
Ачылган гүлдөй жайдагы.
Балдар ырдап, бийлешип,
Баары куунак, жайдары.
Комментарии